КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону чагылдыруу үчүн 92 чет элдик журналист аккредитациядан өттү

04 января 2021

2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону чагылдыруу үчүн дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын 92 өкүлү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде аккредитациядан өттү.

30-декабрга карата КР ТИМ төмөнкү өлкөлөрдүн өкүлдөрүн аккредитациядан өткөрдү: Россия – 33, Япония – 5, Улуу Британия – 14, АКШ – 1, Франция – 5, Катар – 4, Германия – 19, Украина – 1, Тажикстан – 2, Белоруссия – 4, Азербайжан – 4 ЖМК өкүлүн.

КР БШК маалымат бөлүмү