БШК КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча коммерциялык эмес уюмдардын билдирүүсүн алды
03 января 2021
2021-жылдын 3-январында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында чечим кабыл алды: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүү ниетин көрсөткөн төмөнкү коммерциялык эмес уюмдардын билдирүүсүн көңүлгө алды:
- "Коомар Медиа" коомдук фонду;
- "Kloop Media (Клооп Медиа) коомдук фонду.
Бул чечим "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 10-1-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-18-беренелерин, 2020-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө" КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын №263-токтомун, КР БШКнын 2017-жылдын 11-июлдагы №226-токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентин, КР Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө" Жобону жетекчиликке алып жана 2020-жылдын 30-декабрында коммерциялык эмес уюмдардан түшкөн билдирүүнүн негизинде кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
