БШК кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди
31 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 30-декабрындагы жыйналышында Ак-Талаа жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө төмөнкүдөй токтом кылды:
Нарын областынын Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы:
комиссиянын курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын:
- Жаманкулов Канатбек Мукашевич - өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн;
Резервден комиссиянын курамына киргизилсин:
- Арпачиева Жийдегүл Замирбековна - өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн.
Нарын областынын Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы:
комиссиянын курамынан чыгарылсын:
- Насипова Айкерим Катагановна, Осмоналиева Нурила Мамытбековна– өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн
Резервден комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
- Ирасова Тынчтыкбек Ирасович, Абдылдаева Луиза Турсунбековна - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн.
Чечим Ак-Талаа жана Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын курамынан чыгуу боюнча келип түшкөн арыздардын негизинде “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
