БШК референдумга №1 «каршы» (парламенттик республикага) үгүт тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

31 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 31-декабрындагы жыйналышында Бектур Жанарбекти 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) №1 парламенттик республикага «каршы» үгүт тобунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.

 

№1 парламенттик республикага «каршы» үгүт тобунун жетекчисинин 2020-жылдын 30-декабрындагы (кир. № 01-12/4099) арызынын, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3,7, 18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алды.

 

КР БШК маалымат бөлүмү