БШК КР Президенти кызматына талапкер Р. Тагаевдин каттоосун жокко чыгарды
31 декабря 2020
2020-жылдын 31-декабрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР Президенти кызматына талапкер Рашид Тагаевдин каттоосун жокко чыгарып, ага берилген тиешелүү үлгүдөгү күбөлүктү да жараксыз деп табуу чечимин кабыл алды. 2020-жылдын 12-декабрындагы КР БШКнын №449-токтому менен Рашид Тагаев КР Президенти кызматына талапкер болуп катталган. 2020-жылдын 30-декабрында Р. Тагаевден КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого мындан ары катышпай тургандыгын билдирген арыз түшкөн. БШК чечимди "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 53-беренесинин 6-бөлүгүнө, 46-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" мыйзамдын 7-18-беренесине ылайык кабыл алган. Мындан тышкары Р. Тагаевдин шайлоо жана финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн укуктары да токтотулуп, алардын күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
