БШК КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Б.Л. Тольбаевдин ишенимдүү адамдарын каттады

31 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 31-декабрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тольбаев Бабыржан Латихановичтин төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө токтом кылды:

- Саипов Асан Абдилакимовичти;

- Дунларова Жамиля Калнуровнаны.

БШК Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Тольбаев Бабыржан Латихановичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө 2020-жылдын 29-декабрында түшкөн арызына (кириш №01-12/4071) байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алып чечим кабыл алды.

КР БШК маалымат бөлүмү