БШК «NazarNews.kg» интернет-басылмасын аккредитациялоодон баш тартты

29 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 29-декабрындагы жыйналышында «NazarNews.kg» интернет-басылмасынын интернет платформалардын сегментинде болбогондуктан 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) үгүт ишине катышуу үчүн аны аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Чечим Кыргыз Республикасынын референдумунда (бүткүл элдик добуш берүүдө) үгүт ишине катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун сунушун эске алып, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20, 25, 26-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарына жана 18-беренесине ылайык кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү