Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

29 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылы 29-декабрындагы жыйналышында 2020-жылдын 17-декабрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитүү жөнүндө токтом кылды.

2020-жылдын 17-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КР БШКнын 2020-жылдын 3-декабрындагы № 389 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.

Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Байгазиева Чынара Байгазиевна жана Бобуев Джолдошбек Толонгазиевич катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган. Добуш берүүгө Кажы-Сай айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын баардыгы катышып, Ч.Б. Байгазиевага – 7 добуш, Д.Т. Бобуевге – 3 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилген.

Кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 17-декабрындагы протоколу менен Байгазиева Чынара Байгазиевна Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

2020-жылдын 24-декабрында КР БШКнын дарегине Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы Ч.Б. Байгазиевага карата Ысык-Көл облусунун Тоң районунун ИИБдун КУБРинде арыз катталгандыктан Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун бекитпөө жөнүндө өтүнүч менен арыз келип түшкөн.

Көрсөтүлгөн арызды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы Ч.Б. Байгазиевага карата соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо акты болбогондугу, ошого байланыштуу 2020-жылдын 17-декабрында болуп өткөн Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасыжөнүндө Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорун КР БШКнын бекитүүсү үчүн тоскоолдуктар жок экендиги жөнүндө Э.И. Сагыновага кат жүзүндө түшүндүрмө берилди.

Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйналышында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү, Байгазиева Чынара Байгазиевна Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп тапты.

Токтом Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары тууралу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 17-декабрындагы протоколдордун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык кабыл алынды.

 

КР БШК маалымат бөлүмү