КР БШКсы дагы 113 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

28 декабря 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 28-декабрындагы жыйынында төмөнкү ар кандай миссиялардын 113 өкүлүн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо токтомун кабыл алды:  

1 Индонезиянын башкы шайлоо комиссиясынан - 2

2 КМШ ПАА - 18

3 ШКУ - 14

4 ТүркПА - 9

5 ИКУ (ОИС) - 3

6 ОДКБ ПА - 9

7 ЕККУ ПА - 52

8 КМШ миссиясы - 6

Токтом “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-21-пункттарына, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жана референдумда эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ыйгарым укуктары, статусу жана ишмердигинин тартиби жөнүндө” Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5 бөлүктөрүнө ылайык кабыл алынды. 

2020-жылдын 28-декабрына карата КР БШКсы тарабынан дүйнөнүн 43 өлкөсүнөн 31 эл аралык уюмдардын атынан 311 эл аралык байкоочу аккредитацияланды. 

КР БШК Маалыматтык бөлүмү