БШК кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди

28 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 28-декабрындагы жыйналышында Талас шаардык, Кара-Кулжа жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө төмөнкүдөй токтом кылды:

Талас шаардык АШК:

комиссиянын курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын:

- “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан – Айткулов Бекжан Нурланович,

- өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн – Кадыркулова Айзада Алтынбековна.

Резервден комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

- өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кадыркулова Кульнур Тажибаевна, Дыйканбаева Гулайым Кашкабашевна.

Кара-Кулжа АШК:

комиссиянын курамынан чыгарылсын:

- “Народное собрание Кыргызстана” саясий партиясынан – Жалилова Бурулкан Исаковнаны,

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – Байгулов Алымкул Аскарович

Резервден комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ашырмаматов Нурумухаммед Нурбекович, Токтосун уулу Билал.

Токмок АШК:

комиссиянын курамынан чыгарылсын:

- “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан – Качкынбеков Байызбек Качкынбекович,

- “АК” саясий партиясынан – Закирова Айгул Кенешбековна.

Резервден комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абулганиева Сания Каримовна, Исмаилова Зульфия Абдыкеримовна.

Чечим Талас шаардык, Кара-Кулжа, Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын курамынан чыгуу боюнча келип түшкөн арыздардын негизинде “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү