БШК шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү

28 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 28-декабрындагы жыйналышында Ош областынын Ноокат районунун аймагындагы №5561 шайлоо учасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө токтом кылды:

Ош областы

Ноокат району

Т.Зулпуев айыл аймагы

- Калдай айылындагы Бобулов Мамат ажы көчөсүнүн №58 даректеги орто мектепте жайгашкан № 5561 шайлоо участкасы Калдай айылындагы К.Бобулов көчөсүнүн №25 дарегиндеги “Үмүт Нуру” балдар бакчасынын имаратына өзгөртүлсүн.

 

Токтом 2020-жылдын 24-декабрына №33/3 Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын №5561 шайлоо участкасында жылуулуктун жоктугуна байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө чечимдердин негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 18-беренесине ылайык кабыл алынды.

 

КР БШК маалымат бөлүмү