КР БШК КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого коомдук байкоочуну каттады

26 декабря 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 26-декабрдагы жыйынында, 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү жана даярдоо убагында "Таза Шайлоо Ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинен Чинара Айтбаеваны коомдук байкоочу катары каттап, ага тиешелүү үлгүдөгү күбөлүк берүү токтомун кабыл алды. Бул чечим "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 10-1-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-18-беренелерине, КР Боршайкомунун 2020-жылдын 24-октябрындагы  "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө" &263-токтому боюнча, "КР Президентин, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө" КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы &226-токтому менен бекитилген Жобого, "Таза Шайлоо Ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин 22-декабрдагы багыттамасынын  негизинде кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү