БШК КР референдумунда "Макул" (президенттик республика) №8 үгүт тобун каттады

26 декабря 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 26-декабрында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда президенттик республика үчүн катар номуру №8 үгүт тобун каттоо токтомун кабыл алды.

25-декабрда КР БШКга президенттик республика үчүн экендигин билдирген үгүт тобун каттоо боюнча өтүнүч менен курамында 169 адамдан турган топ кайрылган. Топтун жетекчиси Р.Кысанов.

Топтун курамы тиркемеге ылайык

Токтом Боршайком тарабынан Кыргыз Республикасынын референдумунда агитация тобун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун чечимин эске алуу менен референдум катышуучуларынын конституциялык укуктарын ишке ашыруунун жана сактоонун кепилдигин камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 23-беренесин, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктун жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү