БШК КР референдумунда "Макул" (президенттик республика) №7-үгүт тобун каттады
26 декабря 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 26-декабрында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда президенттик республика үчүн катар номуру №7- үгүт тобун каттоо токтомун кабыл алды.
26-декабрда КР БШКга президенттик республика үчүн экендигин билдирген үгүт тобун каттоо боюнча өтүнүч менен курамында 304 адамдан турган топ кайрылган. Топтун жетекчиси А.Д.Джанузаков.
Топтун курамы тиркемеде:
Токтом "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 23-беренесин, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктун жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
