БШК кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөрттү
26 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 26-декабрындагы жыйналышында Ош областынын Кара-Суу, Баткен облусунун Лейлек, Талас облусунун Бакай-Ата райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө токтом кылды:
Ош облусу
Кара-Суу району
Катта-Талдык айыл аймагы
- № 5257 “Кара-Сөгөт” шайлоо участкасынын дареги айылдык Маданият үйүнүн имаратынан Кара-Сөгөт айылынын О.Кожошев атындагы №32 жалпы билим берүү орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
- № 5537 “Эшме” шайлоо участкасынын дареги Эшме айылындагы А.Муратова атындагы орто мектебинин имаратынан Асфальтный (катар саны жок) көчөсүндөгү “Жоогазын гүлү” балдар бакчасынын имаратына өзгөртүлсүн.
Кашкар-Кыштак айыл аймагы
- № 5210 “Мөнөк” шайлоо участкасынын дареги Мөнөк айылындагы Маданият үйүнүн имаратынан Т.Юнусов көчөсүнүн №94 дарегиндеги А.Эшматов атындагы №82 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
Кара-Суу шаары
- № 5268 «Юбилейный» шайлоо участкасынын дареги Кушбаков көчөсүнүн №2 дарегиндеги райондук Маданият үйүнүн имаратынан Ленин көчөсүнүн №1 дарегиндеги “Ала-Тоо” киноредакциясынын имаратына өзгөртүлсүн.
Баткен облусу
Лейлек району
Маргун айыл аймагы
-№ 8007 шайлоо участкасынын дареги Чурбек айылындагы Чурбек көчөсүнүн №64 дарегиндеги үгүт жана пропагандалоо Үйүнүн имаратынан Чурбек айылындагы Чурбек көчөсүнүн №54 дарегиндеги М.Юлдашев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
Талас областы
Бакай-Ата району
Акназаров айыл аймагы
- № 6064 шайлоо участкасынын Соорбек көчөсүнүн №77 дарегиндеги “Султаналы уулу Кушубак” атындагы орто мектебинин имаратынан Кызыл-Октябрь айылынын Амана(номери жок) көчөсүндөгү “Жеңишбек Сыдыгалиев” атындагы күрөш залынын имаратына өзгөртүлсүн.
Чечим Кара-Суу, Лейлек, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын жылуулуктун жоктугуна байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө чечимдердин негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 18-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
