БШК  Референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгѳ) катталган үгүт топторунун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады

24 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын  24-декабрындагы жыйынында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Респубикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгѳ)  үгүт топторунун тѳмѳндѳгү финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн, аларга белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүктѳрдү берүү менен,  каттоо боюнча токтом кабыл алды:

- Муканов Бакыт Кенешович,  президенттик республика «үчүн» №1 үгүт тобу;

- Табалдиев Алишер Кадырбекович, президенттик республика «үчүн» №2 үгүт тобу;

- Мавлянова Мээрим Амангелдиевна, президенттик республика «үчүн» №3 үгүт тобу;

- Кубатбекова Гульзар Жалгашбаевна, президенттик республика «үчүн» №4 үгүт тобу;

- Исабеков Максат Суйоркулович, президенттик республикага «каршы» №1 үгүт тобу;

- Сапаралиева Кульбарчын Абдилхасимовна, бардык варианттарга каршы №2 үгүт тобу.

Токтом Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын референумунда үгүт топторун каттоо жѳнүндѳ арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3, 7-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын референдуму жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мызамынын 23-беренесине ылайык кабыл алынды.

КР БШК маалымат бѳлүмү