БШК КР референдумунда "Макул" (президенттик республика) №5-үгүт тобун каттады

24 декабря 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 23-декабрында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда президенттик республика үчүн катар номуру №5- үгүт тобун каттоо токтомун кабыл алды.

23-декабрда КР БШКга президенттик республика үчүн экендигин билдирген агитация тобун каттоо боюнча өтүнүч менен курамында 14 адамдан турган топ кайрылган. Топтун жетекчиси М. Алиев. Алардын аты-жөнү:

1. Медербек Алиев (жетекчиси)

2. Болот Токтобаев

 3. Урмат Аманалиев

 4. Нурлан Шерипов

5. Задкар Давлеталиев

6. Темирбек Нурматов

7. Кынатбек Сманалиев

8. Айдарбек Мамбеткадыров

9. Назира Турсунбаева

10. Илим Кубатов

11. Наралы Асанбаев

12. Бейшенбек кызы Асема

13. Гүлбара Ормонова

14. Айжан Шаршеналиева 

Токтом Боршайком тарабынан Кыргыз Республикасынын референдумунда агитация тобун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун 2020-жылдын 23-декабрындагы чечимин эске алуу менен референдум катышуучуларынын конституциялык укуктарын ишке ашыруунун жана сактоонун кепилдигин камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 23-беренесин, "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктун жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү