Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду
24 декабря 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-октябрдагы жыйынында Ысык-Көл, Ак-Суу, Ноокат, Аламүдүн жана Токток аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, ваканттык депутаттык орундарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге берүү жөнүндөгү чечимин бекитүү токтомун кабыл алды:
Ысык-Көл областынын Ысык-Көл району:
Чоң-Сары-Ой айылдык кеңешинен:
- Абдырахманов Уланбек Кадыркулович - депутаттык ыйгарым укугу жүргүзүүгө туура келбеген башка жумушка которулгандыгына байланыштуу токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат "Ак Марал" Эс алуу борборунун ашпозчусу Саматова Дилдекан Асанбековнага тапшырылды.
- Абдыкадыров Малик Калыкович – депутаттык ыйгарым укугу жеке арызы боюнча токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат убактылуу иштебеген Мамырканов Календер Алпамышевичке тапшырылды.
Ысык-Көл областынын Ак-Суу району
Каракөл айылдык кеңеши:
- Тюкебаев Токтобек Акымбекович – депутаттык ыйгарым укугу дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу токтотулду. Ваканттуу депутаттык мандат фермер Кайыпбаев Авазбек Осмоновичке тапшырылды.
Ош областынын Ноокат району
Кара-Таш айылдык кеңеши:
- Кааров Батырбек Дыйканбаевич - депутаттык ыйгарым укугу жеке арызы боюнча токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат “Калил-Ата” дыйкан чарбасынын жетекчиси Калилов Маматали Алымжановичке тапшырылды.
Чүй областынын Аламүдүн району
Маевка айылдык кеңеши:
- Жоошбаев Тариэл Жээнбекович – депутаттык ыйгарым укугу жыл ичинде кеңештин жыйындарына төрттөн ашык белгисиз себептерден катышпагандыгы үчүн токтотулду. Ваканттуу депутаттык мандат убактылуу иштебеген Бекбосунов Кенжебекке тапшырылды.
Токмок шаары
Токмок шаардык кеңеши:
- Шайыков Манасбек - “Республика – Ата Журт” саясий партиясынан депутаттык ыйгарым укугу жеке арызы боюнча токтотулуп, ваканттуу депутаттык мандат (№8) “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан Достук үйүнүн төрагасы Егизарян Арутюн Аветисовичке тапшырылды.
Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуп, ваканттуу депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге тапшыруу Ысык-Көл, Ак-Суу, Ноокат, Аламүдүн жана Токмок аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алынган. КР БШКсы да өз чечимин "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
