БШК КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Сегизбаевдин ишенимдүү адамын каттады

24 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-декабрындагы жыйналышында Кабаев Кубан Темиржановичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевичтин ишенимдүү адамы катары каттоо жөнүндө токтом кылды.

Токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө 23-декабрдагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.

КР БШК маалымат бөлүмү