БШК КР Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаровдун ишенимдүү адамдарын каттады
24 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-декабрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин төмөнкү ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө токтом кылды:
- Айтбаев Акыл Казаковичти;
- Торокулов Зайирбек Давлатбековичти.
Токтом Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө 23-декабрдагы арызынын (кириш №01-12/3943) негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-18-беренелерин жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
