БШК бир катар айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады

24 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-декабрындагы жыйналышында Чүй облусунун Панфилов районунун Курама, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.

Чүй облусунун Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 21-декабрындагы № 189-р буйругу менен Курама айыл өкмөтүнүн башчысы Эсенаманов Бакытбек Замирбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2020-жылдын 22-декабрындагы № 104-к буйругу менен Кара-Алма айыл өкмөтүнүн башчысы Алимов Илимбек Турдалиевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөт башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык БШК төмөнкүдөй токтом кылды:

Чүй облусунун Панфилов районунун Курама, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2021-жылдын 12-январына дайындалсын жана  саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн.

Панфилов жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

КР БШК маалымат бөлүмү