КР БШКнын отурумунун 2020-жылдын 24-декабрына күн тартибинин долбоору

24 декабря 2020

Өткөрүү датасы:24-декабрь2020-ж.

Убактысы:17:30

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

 

1. 2020-жылы 21-декабрында өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүүжөнүндө

(баяндамачы – Исаков Б.С., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

2.Чүй облусунун Панфилов районунун Курама, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Алма айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

(баяндамачы – Исаков Б.С.,шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

3.Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ысык-Көл, Ак-Суу, Ноокат, Аламүдүн жана Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баяндамачы – Исаков Б.С.,шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

4.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д.,жумушчу топтун катчысы, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевичтин ишенимдүү адамын каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Кожокеева М.Д.,жумушчу топтун катчысы, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн эксперти)

6. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча үгүт тобун каттоо жөнүндө (№ 5 президенттик республикасы үчүн «макул», жетекчиси – М.К. Алиев)

(баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)

7. 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктообоюнча катталган үгүт топторунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

(баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)

8. Ар кандай маселелер