Өлкөнүн шайлоо участокторунун 83 пайызына пандус курулду

24 декабря 2020

КР шайлоо жана референдум боюнча борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча, анын ичинде добуш берүүчү имараттардын жеткиликтүү болушу аркылуу жана жардам берүүнүн атайын каражаттары менен жабдууда системалуу саясат жүргүзүп келет.

Боршайком туруктуу негизде ден соолугунан кемтилгеси бар шайлоочулар үчүн керектөө картасын түзүп, ден соолугу боюнча кемтилгеси бар шайлоочулардын эсеби иш жүзүндө алынып, аларга атайын форматтарды пайдалануу менен маалымат берүү уюштурулуп келет.

Азыркы учурда 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана референдум өткөрүүгө даярдыктын алкагында ден соолугунан кемтилгеси бар шайлоочулардын керектөө картасы жаңыртылды.

Өткөрүлгөн мониторинг боюнча Кыргызстандагы 2 420 шайлоо участогунун 2 020 же 83,4 пайызы пандустар менен камсыз болгон.

Дагы 185 участокто пандус салуу зарылдыгы жок. Бүгүнкү күндө 215 шайлоо участогунда  имаратта пандус жок, ошондуктан добуш берүүчү имаратка жетүүнү камсыздоо иштери жүрүп жатат.

2017-жылдагы президенттик шайлоодо шайлоо участокторунун үчүнчү бөлүгү гана пандустар менен камсыздалган болчу, алардын он пайызы гана КР СНиПке шайкеш келчү.

Ден соолугунан кемтилгеси бар катталган шайлоочулардын жалпы саны 18 285 адамды түзөт. Алардын ичинен:

  • Бишкек шаары боюнча – 1 419
  • Ош облусу боюнча – 2 446
  • Баткен облусу боюнча – 793
  • Жалал-Абад облусу боюнча – 1 124
  • Чүй облусу боюнча – 9 517
  • Талас облусу боюнча – 296
  • Ысык-Көл облусу боюнча  – 2 229
  • Нарын облусу боюнча – 461 адам бар.

Керектөө картасынын маалыматтары жергиликтүү башкаруу органдарына жана мамлекеттик органдардын аймактык башкармалыктарына, кемтилгеси бар шайлоочунун жашаган жеринен добуш берүүчү имаратка чейин жетүү үчүн социалдык такси чакыруу, ыктыярчыларды, сурдокотормочуларды ишке тартуу, жардамга чакыруу кнопкасын орнотуу жана башка аракеттер үчүн маршрут кыймылынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоочу чараларды кабыл алуусу үчүн берилет.  

Ошондой эле шайлоонун инклюзивдүүлүгүн кеңейтүү максатында столдор, добуш берүүчү кабиналар жана урналар, ошондой эле шайлоо участокторундагы маалыматтык стенддер коляскада отурган же өз алдынча басууда кыйналган (бийиктиги, туурасы, тереңдиги жана жайгашкан орду боюнча) шайлоочулар үчүн жеткиликтүү болгудай жайгашуусу зарыл.

Добуш берүү үчүн бир кабина бюллетень толтуруучу орун үчүн (столчо, текче, подставка ж.б.) туурасы 40 см тереңдиги 30 см кем эмес, жерден 75 см бийиктиктен кем эмес жайгашкыдай кылып жабдылат. Бардык участкалык шайлоо комиссияларында чоңойтуп көрсөтө турган айнек (лупа) жана/же Брайль трафарети бар.

Кемтилгеси бар шайлоочулар катары активдүү шайлоо укугуна ээ, организминин функциялары туруктуу бузулуп, жаракаттардын же дефекттен улам шартталган оорулардан:

- угууда;

- көрүүдө;

- таяныч-кыймыл аппаратынын функциясы бузулган жана шайлоо укуктарынын жалпы шартта толук аткаруусу чектелген Кыргыз Республикасынын жарандары таанылат.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү