Шайлоочулардын тизмесинде чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн жарандардын саны өсүүдө

24 декабря 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоочулардын тизмесинде Кыргызстандын чегинен тышкары жашап же жүргөн жарандардын саны көбөйүп жаткандыгын белгилейт.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары катталган шайлоочулардын 2020-жылдын 10-ноябрындагы алдын ала тизмесинде бардыгы 28 215 жаран катталган.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2020-жылдын 9-декабрында чет өлкөлөрдө катталган шайлоочулардын саны – 33 320, 16-декабрга – 37 395, 2020-жылдын 23-декабрына карата – 40 317 жаранды түзгөн.

2020-жылдын октябрь айында КР Жогорку Кеңешине болуп өткөн шайлоого салыштырмалуу шайлоочулардын санынын өсүшү 7 715ти түзөт.

Ушул өсүш тенденцияны эске алып, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы дагы кошумча үч шайлоо участогун, референдум участогун Москва жана Тюмень шаарларында КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн базасында ачуу чечимин кабыл алды.

БШК ушул токтомду кабыл алгандан кийин Кыргыз Республикасынын алдыдагы шайлоосуна, референдумуна карата чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун саны дүйнөнүн 28 мамлекетинде 48ге көбөйдү. Булардын 15и Россияда жайгашкан.

Эске сала кетчү учур, 2017-жылдагы КР Президентин шайлоодо 26 өлкөдө 37 шайлоо участогу ачылса, 2020-жылдын октябрында КР Жогорку Кеңешине болуп өткөн шайлоодо чет өлкөлөрдө 45 шайлоо участогу ачылган (алардын ичинен 12и Россияда).

КР БШК Маалыматтык бөлүмү