БШК КР референдумунда үгүт топторунун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
23 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 23-декабрындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда төмөнкүлөрдү үгүт топторунун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары каттоо жөнүндө чечим кабыл алды:
- Шаршенова Айзада Туратбековнаны, парламенттик республикага «макул» №1 үгүт тобу;
- Ибраев Кубанычбек Жыпарбековичти, бардык варианттарга каршы №2 «Каршы» үгүт тобу.
Чечим Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесине ылайык алып кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
