БШК КР референдумунда №2 «Макул» (парламенттик республикага) үгүт тобун каттады
23 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 23-декабрындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда иреттик “2” номуру менен парламенттик республикага «макул» үгүт тобун каттоо жөнүндө токтом кылды.
2020-жылы 21-декабрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына топтун жетекчиси Т.М. Султанбеков башында турган парламенттик республикага «макул» үгүт тобун төмөнкү 11 адам курамында каттоо жөнүндө өтүнмө менен кайрылды:
|
№ |
ФАА |
Туулган датасы |
|
1 |
Султанбеков Темирлан Медетбекович (жетекчи) |
12.09.1998 |
|
2 |
Алмазбеков Касымбек Жаныбекович |
06.09.1997 |
|
3 |
Иса уулу Жандарбек |
04.02.1990 |
|
4 |
Кадыралиев Куван Курманович |
13.08.1988 |
|
5 |
Камаева Айчүрөк Үсөнбековна |
25.02.1987 |
|
6 |
Касмалиев Илимар Карыпович |
07.02.1993 |
|
7 |
Касымбеков Нурбек Айтыевич |
08.02.1967 |
|
8 |
Ныязакунова Майрам Жекшеновна |
25.05.1982 |
|
9 |
Турксевер Роза Турсуновна |
15.04.1970 |
|
10 |
Усубалиев Таалайбек Болотбекович |
01.11.1967 |
|
11 |
Чекиров Урмат Бекенович |
09.07.1984 |
Токтом Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
