БШК КР референдумунда №1 «Макул» (президенттик республикага) үгүт тобун каттады

23 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 23-декабрындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда иреттик “1” номуру менен президенттик республикага «макул» үгүт тобун каттоо жөнүндө токтом кылды.

2020-жылы 21-декабрда КР БШКга топтун жетекчиси Н.А.  Муканова башында турган президенттик республикага «макул» үгүт тобун төмөнкү 11 адам курамында каттоо жөнүндө өтүнмө менен кайрылды:

 

ФАА

Туулган датасы

1

Муканова Нуруйпа Аалиевна (жетекчи)

08.11.1954

2

Асаналиев Жолдош Асанакунович

11.04.1980

3

Ашымов Бахрам Ашымович

25.02.1992

4

Бейшенбеков Бакыт Турсунбекович

11.04.1995

5

Болотов Тилек Нурсеитович

25.08.1994

6

Ибраев Алмаз Орозакунович

27.06.1976

7

Иманов Акан Эрикович

29.04.1982

8

Курманакунов Ишенбек Тилекович

07.03.1990

9

Муканов Бакыт Кенешович

21.08.1973

10

Тилек уулу Мыктыбек

24.10.1992

11

Усенов Сулайман Арстаналыевич

01.12.1981

 

Токтом Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып кабыл алынды.

 

КР БШК маалымат бөлүмү