БШК КР референдумунда №1 «Каршы» (президенттик республикага) үгүт тобун каттады
23 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 23-декабрындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда иреттик “1” номуру менен президенттик республикага «каршы» үгүт тобун каттоо жөнүндө токтом кылды.
2020-жылы 20-декабрда КР БШКга топтун жетекчиси Б.О. Калмаматов башында турган президенттик республикага «каршы» үгүт тобун төмөнкү курамында каттоо жөнүндө өтүнмө менен кайрылды:
|
№ |
ФАА |
Туулган датасы |
|
1 |
Калмаматов Бактыбек Орозалиевич (жетекчи) |
20.01.1984 |
|
2 |
Бакыт уулу Бекболот |
27.01.1990 |
|
3 |
Инашова Зыягул Алтынбековна |
19.06.1999 |
|
4 |
Исабеков Максат Суйөркулович |
03.12.1987 |
|
5 |
Мирлан уулу Нуразиз |
11.09.2000 |
|
6 |
Мойдунов Мирбек Кудайбердиевич |
25.12.1986 |
|
7 |
Нурмамбетов Өмүрбек Чукунович |
03.07.1987 |
|
8 |
Сүйүмбаева Кундузкан Миталиповна |
02.04.1989 |
|
9 |
Сыдыков Адилет Акматжанович |
17.08.1994 |
|
10 |
Чотобаев Исламбек Акимбаевич |
16.03.1981 |
Токтом Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
