БШК кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөрттү
23 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 23-декабрындагы жыйналышында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Баткен облусунун Лейлек, Чуй облусунун Ысык-Ата райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө токтом кылды:
Жалал-Абад облусу
Тогуз-Торо району
Атай айыл аймагы
- № 2078 Атай шайлоо участкасынын айылдык маданият үйүнүн имаратынан Атай айылынын Д.Залимтороев көчөсү, 44 дарегиндеги № 5 Б.Ташматов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
Көк-Ирим айыл аймагы
- № 2080 Арал шайлоо участкасынын М.Жунушалиев атындагы маданият үйүнүн имаратынан Арал айылынын Жээналиев көчөсү, н/ж дарегиндеги №3 Бейше атынданы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
Тогуз-Торо айыл аймагы
- № 2089 Ленин шайлоо участкасынын Имамберди уулу Иса атындагы орто мектебинин имаратынан Казарман айылынын Т. Кожалиев көчөсү, 55 дарегиндеги Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн имаратына өзгөртүлсүн.
Баткен облусу
Лейлек району
Исфана шаары
- № 8019 шайлоо участкасынын дареги Манас-Ата көчөсү, 32 дарегиндеги маданият үйүнүн имаратынан М. Жалилов көчөсү, 9 дарегиндеги Ю. Гагарин атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
Чүй облусу
Ысык-Ата району
Кочкорбаев айыл аймагы
- № 7109 шайлоо участогунун дареги Кеңеш айылынын Ленин көчөсүнүн №71 дарегиндеги Маданият үйүнүн имаратынан, Кеңеш айылынын Т.Осмонов көчөсүнүн н/ж дарегиндеги орто мектебинин имаратына өзгортүлсүн.
Чечим Тогуз-Торо, Лейлек, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын жылуулуктун жоктугуна байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө чечимдердин негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 18-беренесине ылайык кабыл алынды.
Тогуз-Торо, Лейлек, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
КР БШК маалымат бөлүмү
