КР БШК референдумду жана КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча Чүй облусунда кеңешме ѳткѳрдү
22 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Н. Шайлдабекованын тѳрагалыгы астында референдумду жана КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча тѳмѳн турган аймактык (АШК) жана участкалык (УШК) шайлоо комиссиялары менен жумушчу кеңешме ѳткѳрдү.
Кеңешмеге КР БШКнын атайын ѳкүлдѳрү, Чүй облусундагы аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын тѳрагалары катышты.
Кеңешменин жүрүшүндѳ референдумду жана КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн уюштуруу маселелери талкууланып, комиссиялардын ишиндеги айрым мүчүлүштѳрдү четтетүү боюнча иштерди жүргүзүүнүн, добуш берүүнүн жана так эсептѳѳнүн жол-жоболорун бекем сактоонун, идентификациялоо жана АСУ добуштарды автоматтык эсептѳѳ жабдууларын пайдалануу кѳндүмдѳрүн жакшыртуунун, маалыматтарды берүүнүн зарылдыгы белгиленди.
Өзгѳчѳ эркин шайлоонун негизи катары жашыруун добуш берүүнү камсыз кылуу маанилүү. Шайлоочулардын ѳздѳрү тарабынан жашыруун добуш берүүсүн ачып кѳрсѳткѳн учурлардын (сүртѳкѳ тартып алуу ж.б.) жолугуп жаткандыгына байланыштуу мындай фактыларга тѳмѳндѳгүдѳй таасир этүү алгоритми талкууланды:
- бюллетень анык эмес (бузулган) деп таанылышы мүмкүн, шайлоочу комиссиянын мыйзамдуу талаптарын аткарбагандыгы үчүн (добуш берүүнүн жашырындуулугун сактабагандыгы, бюллетенди сүрѳткѳ жана видеого тартуу боюнча) жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
КР ЖКнын депутаттарын шайлоонун ѳткѳндѳгү сабактарын эске алуу менен, шайлоонун жүрүшүндѳ бузууларга натыйжалуу таасир этүү жана кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ коомчулукка ѳз учурунда маалымдоо боюнча шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын тыкыс ѳз ара аракеттерин камсыз кылуу милдеттери алдыга коюлду.
Райондордогу жана шаарлардагы АШКнын алдындагы ыкчам таасир этүүчү координациялык топтор КР БШКнын ыкчам таасир этүүчү борбордук координациялык топтору менен ѳз ара аракетте иштерин уюштурууга тийиш. АШКга жана УШКга келип түшкѳн бардык даттануулар БШКнын сайтындагы даттануулардын жана арыздардын бирдиктүү реестрине ыкчам берилүүгѳ тийиш экендиги белгиленди.
Ошондой эле билим берүү кызматкерлеринин шайлоо процессине катышуусу тууралуу маселе талкууланды, билим берүү кызматкерлерин КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоо боюнча үгүт жүргүзүү жана кол топтоо процессине тартууга жол бербѳѳ белгиленди.
КР БШК тѳрагасы Н.К. Шайлдабекова 2020-жылдын 5-октябрындагы КР ЖК шайлоодо уюшкандыкта жана так аткарган иштери үчүн кеңешменин катышуучуларына ыраазычылык билдирип, шайлоо комиссияларынын мындан ары да уюшкандыкта иш жүргүзѳрүнѳ чоң ишеним бар экендигин билдирди.
Маалымат иретинде:
Чүй облусунда 550018 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн 9 аймактык шайлоо комиссияларында 406 шайлоо участкалары түзүлгѳн. Даярдыкты шайлоо комиссияларынын 4778 мүчѳсү камсыз кылыт.










КР БШК маалымат бѳлүмү
