БШК КР референдумунда «Макул» (парламенттик республика) үгүт тобун каттады

21 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-декабрындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумунда иреттик 1-номур менен «Макул» (парламенттик республика) үгүт тобун каттоо жөнүндө токтом кылды.

2020-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына «Макул» (парламенттик республика) үгүт тобу арыз (кириш № 01-12/3770) менен кайрылды. Жетекчиси – Бекешев Дастан Далабайевич, курамында төмөнкү 13 киши бар:

ФАА

Туулган датасы

1

Бекешев Дастан Далабайевич (жетекчи)

22.11.1983

2

Алагөз уулу Азамат

21.06.1991

3

Асанбек уулуАдилет

31.08.1991

4

Довлотов Бектур Сейитбекович

12.09.1992

5

Калдыбек кызы Батма

17.08.1994

6

Насыкулов Урмат Омургазиевич

29.05.1989

7

Рычкова Анна Петровна

22.12.1985

8

Сайтбурхан кызы Перизат

22.03.1994

9

Талантбек уулу Азамат

16.06.1983

10

Турарбеков Насип Турарбекович

13.12.1994

11

Турдубеков Улукбек Бактыбекович

02.04.1994

12

Шаршенова Айзада Туратбековна

25.10.1996

13

Эрдоолатов Мээрбек Мухтарович

26.07.1978

БШК Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алуу менен, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, токтом кабыл алды.

КР БШК маалымат бөлүмү