КР БШКсы 42 эл аралык байкоочуну каттады

21 декабря 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-декабрындагы жыйынында төмөнкү ар кандай миссиялардын 42 өкүлүн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого аккредитациялады.
2020-жылдын 21-декабрына карата БШК тарабынан 23 мамлекеттен 15 эл аралык уюмдардын атынан келген 120 эл аралык байкоочуну аккредитациялаган.
Кыргызстандагы Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгүнөн – 1 байкоочу;
Шайлоо системаларынын эл аралык өкүлчүлүгүнөн (IFES) – 1 байкоочу;
Молдова БШКнан – 2 байкоочу;
КМШ ПАА – 34 байкоочу;
КМШ Миссиясы – 4 байкоочу;
Азербайджан БШКнан – 1 байкоочу. 
ЕККУ ДИАУБ – 34
РФ БШКнан – 1
К. Аденауэр атындагы фонд – 1
КРдагы Япония элчилигинен – 2
КРдагы РФ элчилигинен – 2
КРдагы Монголия элчилигинен – 1
КРдагы Азербайжан элчилигинен – 2
КРдагы Өзбекстан элчилигинен – 2
ТТӨКК (Түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешинен) – 6
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-21-пункттарына, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жана референдумда эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ыйгарым укуктары, статусу жана ишмердигинин тартиби жөнүндө” Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5 бөлүктөрүнө ылайык кабыл алынды. 
КР БШК Маалыматтык бөлүмү