КР БШКсы КР Президенти кызматына талапкер С. Жапаровдун өкүлүн каттады
21 декабря 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-декабрындагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Садыр Жапаровдун Боршайкомдогу өкүлү кылып Жаркын Бапанованы каттап ага тиешелүү күбөлүк берүү чечимин кабыл алды.
Бул чечим 16-декабрдагы КР Президенти кызматына талапкер Садыр Жапаровдун өз өкүлүн каттоо жөнүндө арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 17-беренесине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-18-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
