КР БШК КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо бюллетенинин формасын жана текстин бекитти
21 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-декабрындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо бюллетенинин формасын жана текстин бекитүү жана добуш берүү үчүн бюллетендерди “Учкун” ААКсында даярдоону ишке ашыруу жөнүндө токтом кылды.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, “2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрүүнүн натыйжалары жөнүндө” 2020-жылдын 19-декабрындагы протоколдун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы “Бекем отчеттуулуктагы документтерди даярдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы № 540 токтомун жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
