БШК эки айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындады

21 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 21-декабрындагы жыйынында Ысык-Кѳл облусунунун Ак-Суу районундагы Отрадное айыл ѳкмѳтүнүн жана Жети -Өгүз районунундагы Светлая Поляна айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо тууралуу токтом кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2020-жылдын 7-декабрындагы № 420 токтому менен дайындалган Ысык-Кѳл облусунунун Ак-Суу районундагы Отрадное айыл ѳкмѳтүнүн башчысын  кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу 2020-жылдын 21-декабрында болуп ѳткѳн жок.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2020-жылдын 7-декабрындагы № 420 токтому менен дайындалган Ысык-Кѳл облусунунун Жети-Өгүз  районундагы Светлая Поляна  айыл ѳкмѳтүнүн башчысын  кайра шайлоого бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу 2020-жылдын 21-декабрында болуп ѳткѳн жок.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жѳнүндѳ” жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Ысык –Кѳл облусундагы Ак-Суу районундагы Отрадное айыл ѳкмѳтүнүн башчысын  жана Жети-Өгүз  районундагы Светлая Поляна  айыл ѳкмѳтүнүн башчысын  2021-жылдын 4-январында 9:00дѳн 12:00 саатка чейин кайра шайлоону дайындоо тууралуу чечим кабыл алды.

Ак-Суу жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди  сактоо менен кайра шайлоо ѳткѳрүүнү уюштурсун.

КР БШК маалымат бѳлүмү