Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат

21 декабря 2020

Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысын 17-декабрда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча маалымат.
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн эки талапкер - Сүйөрбек Исаев жана Талантбек уулу Азамат катталган. Добуш берүүгө Гүлчө айылдык кеңешинин 21 депутатынын 18 катышты, С. Исаев 13 добуш, Талантбек уулу Азамат 5 добуш алган. Ошентип Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Сүйөрбек Исаев шайланды.


КР БШК Маалыматтык бөлүмү