2020–ж. 21-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
21 декабря 2020
Өткөрүү датасы: 21-декабрь 2020-ж.
Убактысы: 16:00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. 2020-жылдын 17-декабрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное жана Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоо бюллетени жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жапаров Садыр Нургожоевичтин өкүлүн каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумундагы (бүткүл добуш берүүдөгү) шайлоо комиссиялардын протоколдорунун формаларын бекитүү жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
7. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
8. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө
(баядамачы – Уметалиев А.Т., эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы)
9. Ар түрдүү маселелер
