БШК “Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө референдумдун фондун (“макул” жана “каршы” топторунун) түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Жобону бекитти

19 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 19-декабрындагы жыйналышында “Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө референдумдун фондун (“макул” жана “каршы” топторунун) түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө токтом кылды.

Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41, 42 жана 54-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерине ылайык кабыл алынды.

БШК маалымат бөлүмү