БШК А.К. Сегизбаевдин ишенимдүү адамдарын каттады
19 декабря 2020
Бүгүн – 2020-жылы 19-декабрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Абдил Кенешевич Сегизбаевдин 2020-жылдын 19-декабрындагы ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып төмөнкүдөй токтом кылды:
Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандары Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдил Кенешевич Сегизбаевдин ишенимдүү адамдары катары катталсын:
Насыров Алмаз Турусбекович;
Мусаева Айжан Эркиновна;
Турпанов Милан Калыбекович;
Алымкулов Болот Карыпбекович;
Ибраимова Эльмира Султановна;
Качаганов Мукамбек Шайзадович.
БШК маалымат бөлүмү
