БШК К. Асановдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

19 декабря 2020

2020-жылдын 19-декабрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР Президентинин кызматына өзүн-өзү көрсөткөн талапкер К. Асановдун 16-декабрдагы шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоо боюнча арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүмүн, 7-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-19-бөлүмдөрүн жетекчиликке алуу менен:

1. КР Президенти кызматына талапкер К. Асановдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алмазбек Жолдошбековдун каттоосун жокко чыгаруу.

2. КР Президенти кызматына талапкер К. Асановдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып Нурбек кызы Айгелемди каттоо боюнча токтом кабыл алды. 

БШК Маалыматтык бөлүмү