БШК Сүлүктү жана Лейлек АШКларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди
19 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 19-декабрындагы жыйналышында Сүлүктү жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө төмөнкүдөй токтом кылды:
1. Баткен облусунун Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Пушненко Анна Юрьевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ибраимова Кенжегүл Абдыкалыковна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Аширов Немат Умурзакович, Бабаев Фаррух Абдикодирович, Рузибаев Гуломжон Мусаямович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Разакбердиев Анваржон Облобердиевич, Артиков Сайдали Турсунбоевич, Кадыров Ильёржон Боходирович комиссиянын резервинен чыгарылсын.
Чечим Сүлүктү жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү А.Ю. Пушненконун, Н.У. Ашировдун, Ф.А. Бабаевдин, Г.М. Рузибаевдин, ошондой эле Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган А.О. Разакбердиевдин, С.Т. Артиковдун, И.Б. Кадыровдун арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
