2020–ж. 19-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
19 декабря 2020
Өткөрүү датасы: 19-декабрь 2020-ж.
Убактысы: 16.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Алай, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Жумгал, Кызыл-Кыя жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Талас облусунун Кара-Буура, Манас, Ош облусунун Чоң-Алай, Чүй облусунун Кемин, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Сүлүктү жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Асанов Курсан Сатаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Сегизбаев Абдил Кенешевичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
8. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы №157-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
9. «Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө референдум фондуларынын («макул» жана «каршы» топторунун) акча каражаттарын түзүүнүн, келип түшүүсүнүн жана чыгымдалышынын тартиби жөнүндө» Жобо тууралуу.
(баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
10. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-ноябрындагы №191-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын референдумунда үгүт топторун («макул», «каршы») каттоо жана ишин уюштуруу тартиби жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(баяндамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)
11.Ар түрдүү маселелер
