Ошто КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун үгүт эрежелери жана маалымдоо маселелери боюнча коомдук диалог өтүп жатат

18 декабря 2020

Катышуучуларга “Жарандык платформа” коомдук фондунун директору Айнура Усупбекова чыгып сөз сүйлөдү.

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бегматов КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө айтып берди.

“Жарандык платформа” коомдук фондунун юристи Назира Андашева 2021-жылдагы агитациялык кампания жана маалымат берүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча презентация жасады.

Дискуссияга өлкө президентинин кызматына талапкерлердин штабынын өкүлдөрү, жарандык сектор өкүлдөрү ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) өкүлдөрү катышып жатышат.

Тегерек үстөлдүн катышуучуларынан чет өлкөлөрдө добуш берүү жана форма №2 боюнча суроолор, ошондой эле шайлоо участокторунда байкоочуларды, АСУ операторлорун жана шайлоочуларды жайгаштыруу боюнча көп суроолор түшүүдө.

Тегерек үстөлдүн катышуучулары белгилегендей, АСУ операторлору добуш берүүчү ящикке жакын жайгашкан учурлар болгондуктан бул шайлоочулардын добуш берүүлөрүнө байкоо салып жатышкан байкоочулардын шектенүүсүн жараткан.

Абдыжапар Бегматов өз сөзүндө шайлоону БШКдан каттоодон өткөн 217 ЖМК чагылдыра тургандыгын, дебаттардын графиги БШК сайтында илинип тургандыгын билдирди.

Талаш-тартыштарда өзгөчө форма № 2 менен добуш берүүгө көңүл бурулду. Катышуучулар башка облуста катталып бирок дагы башка облуста жашаган катардагы жарандар эмне кылышат деп суроо беришти. Бул суроого Абдыжапар Бегматов шайлоочулар өздөрүнүн шайлоо участокторун БШКнын сайтына кирип шайлоочунун кабинети аркылуу алмаштыра алышаарын айтты.

“Добуш берүү жашыруун болушу керек, өзүңдөн баштап добуш берүүнүн бардык ченемдерин сакташың керек”, - деди А. Бегматов. Коомдук диалогдун аягында уюштуруучулар тарабынан КР Президентинин кызматына талапкерлерге акыйкат шайлоо кампаниясын өткөрүү боюнча кайрылуу кабыл алынды.