БШК референдумда добуш берүү үчүн бюллетендин формасын жана текстин бекитти

16 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 15-декабрындагы жыйналышында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) добуш берүү үчүн бюллетендин формасын жана текстин бекитүү жөнүндө токтом кылды.

Чечим “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине, “Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-декабрындагы №6 Мыйзамынын 2-беренесине, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык кабыл алынды.

КР БШК токтомуна ылайык добуш берүү үчүн бюллетендер Бишкек ш., Ибраимов көчөсү, 24 дарегинде жайгашкан “Учкун” ААКта даярдалат.

 

КР БШК маалымат бөлүмү