Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

16 декабря 2020

 КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 14-декабрдагы жыйынында Нарын облусунун Нарын районундагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону тааныган токтом кабыл алды. 2020-жылдын 10-декабрында Нарын районундагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү, бул шайлоо БШК тарабынан 2020-жылдын 26-ноябрында №382-токтому менен дайындалган. Учкун айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкер катары 2 адам - Темирбек Мадылканов жана Жумабек Осмоналиев жергиликтүү кеңеш тарабынан көрсөтүлүшкөн. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 10-декабрдагы протоколу боюнча, добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылган. Добуш берүүгө Учкун айылдык кеңешинин 21 депутатынын 14ү катышып, Т. Мадылканов 11 добушка ээ болсо, Ж. Осмоналиев бир дагы добушка ээ болгон эмес. "Бардыгына каршы" позициясына 3 добуш берилген. Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 10-декабрдагы протоколу боюнча, Темирбек Мадылканов Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоого арыздар, даттануулар түшкөн эмес. КР БШКсы өз чечимин Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 10-декабрдагы шайлоо жөнүндө протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-18-беренелеринин, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесинин негизинде кабыл алды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү