БШК КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын кошумча сметасын бекитти

16 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылы 16-декабрындагы жыйналышында «2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» КР БШКнын 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 287 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом кабыл алды:

- 1-пункттагы «686 451 337 (алты жүз сексен алты миллион төрт жүз элүү бир миң үч жүз отуз жети)» деген сөздөр «688 961 237 (алты жүз сексен сегиз миллион тогуз жүз алтымыш бир миң эки жүз отуз жети)» деген сөздөргө алмаштырылсын.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө тиркемеге ылайык 2 509 900 (эки миллион беш жүз тогуз миң тогуз жүз) сом суммасында чыгымдардын кошумча сметасын бекитүү тууралуу токтом чыгарды.

Чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 16-декабрындагы № 469 токтому менен түзүлгөн Россия Федерациясынын Москва шаарындагы (2), Тюмендеги (1) кошумча шайлоо участкаларынын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 3-декабрындагы № 388 токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарындагы (1), Кадамжай районундагы (1), Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы (1), Ош облусунун Кара-Суу районундагы (5), Ноокат районундагы (1) жана Ош шаарындагы (4) кошумча шайлоо участкаларынын ишин уюштурууну каржылоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 11, 12-пункттарын, 25-беренесинин 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып кабыл алынды.

 

КР БШК маалымат бөлүмү