БШК референдумдун шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитти
14 декабря 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 14-декабрдагы жыйынында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүү) схемаларын жана участокторунун чек араларын бекитүү токтомун кабыл алды. Алар КР БШКнын 2020-жылдын 20-январындагы №5-токтому, 2020-жылдын 30-январындагы №14-15-16-17-18-19-20 -токтомдору жана 2020-жылдын 11-февралындагы №35-токтому менен бекитилген. Ушул токтомдор менен Кыргыз Республикасынын аймагындагы 2428 шайлоо участокторунун схемалары жана чек аралары 5 жылдык мөөнөт менен бекитилген. БШК мындан тышкары 2020-жылдын 20-ноябрындагы №370-токтому менен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн 45 участокто референдум өткөрүүнү бекитти. Токтом "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 21-беренесине, 2020-жылдын 11-декабрындагы №6 "Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндө" КР мыйзамына, "Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-18-20-беренелерине ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
