БШК "макул" жана "каршы" топторунун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк мекемелерин аныктады

14 декабря 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 14-декабрдагы жыйынында "РСК Банк" ААК жана "Айыл Банк" ААК банк мекемелерин, 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасында референдум өткөрүүнүн жүрүшүндө "макул" жана "каршы" топторунун фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныктады. Чечим "Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндө" КР мыйзамын, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 43-беренесинин 5-пунктун, "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-беренесинин 13-пунктун жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү