БШК референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календарлык планын бекитти
14 декабря 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 14-декабрдагы жыйынында, 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календарлык планын бекитүү токтомун кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Т. Мамытов 2020-жылдын 11-декабрында "Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеште 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынды.
Кабыл алынган мыйзам аркылуу Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2021-жылдын 10-январында референдум дайындоо каралган. Референдумга Кыргыз Республикасынын башкаруу формасына тиешелүү суроо коюлат:
- президенттик республика,
- парламенттик республика,
- бардык варианттарга каршы.
Борбордук шайлоо комиссиясы "Кыргыз Республикасындагы референдум жөнүндө" КР конституциялык мыйзамына ылайык чечим кабыл алып, Кыргыз Республикасында референдумду даярдоо жана өткөрүү максатында "Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-8-беренелерин жетекчиликке алды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
