2020–ж. 14-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

14 декабря 2020

Өткөрүү датасы: 14 декабрь 2020-ж.

Убактысы: 17 :30

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. 2020-жылдын 10-декабрындагы Нарын областынын Нарын районундагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчыларын кайра шайлоодогу добуштардын натыйжалары жана жыйынтыктарынын протоколун бекитүү жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча 2021-жылдын 10-январына белгиленген референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын Календардык планын бекитүү жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. 2021-жылдын 10-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Дюшембиева Г.К., пландоо,эсепке алуу, отчеттуулук бөлүмү)

4. 2021-жылдын 10-январына белгиленген «Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнү) жүрүшүндө («макул» жана «каршы» топторунун) атайын референдум фондулары үчүн банктык мекемелерди аныктоо жөнүндө» (баяндамачы – Дюшембиева Г.К., пландоо,эсепке алуу, отчеттуулук бөлүмү)

5. 2021-жылдын 10-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнү) участкалары жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум (бүткүл элдик добуш берүүнү) өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, Жалпыга маалымдоо каражаттарына, коомдук уюмдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына (жергиликтүү кеңештерге), Кыргыз Республикасынын референдумунун катышуучуларына кайрылуусу жөнүндө жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы).

7. 2021-жылдын 10-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнү) календардык пландын текстин бекитүү жөнүндө (баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

8. 2021-жылдын 10-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоо жана өткөрүү боюнча Жумушчу топторду түзүү жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)

9. 2021-жылдын 10-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого коммерциялык эмес уюмдарды байкоочу катары ниети боюнча катталуусун кабарлоо жѳнүндѳ (баяндамачы – Кутбердиева М.М., укуктук камсыздоо бөлүмдүн эксперти)

10. Ар түрдүү маселелер